Ар бир аялзаты сулуу, келбеттүү жана жаш көрүнгүсү келет. Бирок көптөгөн айымдар бетке кам көрүүдө олуттуу каталарды кетирип, натыйжада бет терисине ар кандай көйгөйлөрдү жаратып алышат. Мындай катачылыктардын алдын алуу жана бетке туура кам көрүү эрежелери тууралуу атайын адис Гүлзина Мамытова айтып берет.
Айымдардын бетке кам көрүүдөгү катачылыктары
Эң биринчи катачылык - күнүмдүк кам көрүүгө маани бербегендикте. Кам көрүүсүз тери эч качан жакшы абалда боло албайт. Өзгөчө жаш курак өтө баштаганда же бет терисинде кандайдыр бир көйгөй жаралганда. Экинчи катачылык - комплекстүү толук каражаттарды албастан 1-2 гана каражат менен кам көрүп, жакшы жыйынтык күтүшөт. Негизи толук кам көрүү оптималдуу 4 этаптан турат:
1. Тазалоо
2. Көздүн айланасына кам көрүү
3. Активатор (бет майлардын таасирин күчөтүүчү зат)
4. Базалык кам көрүү - күндүзгү жана түнкү бет майды колдонуу.
Күндүзгү бет май териде нымдуулукту жогорулатат жана күндүн нурунан коргойт. Ал эми түнкү бет май азыктандырат жана терини калыбына келтирет.
Үчүнчү катачылык - бетке кам көрүүдө режимдин бузулушу. Кээ бир каражаттарды колдонбой коюу, күндүзү койсо, түнү унутат же зеригет, бир күн койсо, үч күн койбойт жана башка ушул сыяктуу.
Мындай катачылыктардын натыйжасында айымдар өздөрү күткөн жыйынтыкты көрбөй, көңүлдөрү кала баштайт. “Баарын колдонуп көрдүм, деги эле эч нерсе жардам берген жок” дешет. Мындан тышкары так, бырыш жана безеткилер пайда болгонун да байкашат. Ушундан улам көйгөй өрчүп, андан арылуу бир топ кыйынчылыкты жаратат. Айрыкча жүзүбүздүн начар абалда болушу биздин эмоционалдык маанайыбызга таасирин тийгизип, өз баабыздын төмөндөшүнө алып келет. Ишенимдүүлүк жоголуп, чүнчүү башталат.
Үй шартында кам көрүү жетишсиз. Бул кошумча гана кам көрүүгө кирип, күнүмдүк кам көрүүдөй таасирин бере албайт. Көпчүлүгүбүз үй шартында масканы териге канчалык өлчөмдө колдонуу керектигин билип-билбей эле жасап алабыз. Ал маскалар кээ бирлерине таасирин берсе, айрымдарына таасирин тийгизе албайт.
Бетке кам көрүүдө каражаттарды туура тандоо зарыл
Каражаттарды тандоодо жаш курак жана ошол учурдагы теринин абалы маанилүү. Тери кургак же майлуу болгонуна карабастан оптималдуу төрт этап менен кам көрүлөт. Каражаттар гана майлуу жана кургак тери үчүн болуп айырмаланат. Майлуу тери ээлери: “Терим өзү да майланышат, дагы кантип бет май коём?” деп жаңылышат. Жыйынтыгында теринин көрүнүшү, абалы начарлап, жабыркашат. Майлуу териге арналган каражаттар себум (май) бөлүнүшүн азайтып, безеткилердин чыгышын алдын алуу менен терини майсыз, тунук болушуна жардам берет.
Ошондой эле каражаттарды алууда өз ишин мыкты билген адистерден алууну сунуштайм. Анткени сиздин териңизге кам көрүүнү түшүндүрмөк тургай, эмнени сатып жатканын билбеген сатуучулар да аз эмес.
Жаз айында бетке кам көрүү
Жазында аба алмашып, теринин шуудурашы байкалат. Негизи эле мезгил алмашканда толук кам көрүү өзгөчө маанилүү. Күн активдүү тийип баштаганда күндүн нурунан коргонуучу бет майларды колдонуу керек. Күндүн нуру биринчиден тактарды пайда кылса, экинчиден теридеги клеткаларды бузуп, фотокартаюуга алып келет. Күн ысыган мезгилде нымдуулук азаят, бул учурда SPF 50 бет майларын колдонуу абзел.
“Мурунку замандагылар бет майсыз эле жүрүшкөн” деп көкүрөк какпай, азыркы замандын өзгөрүүлөрүн эске алуубуз зарыл. Азыр жашоо образы, экология, тамактануубуз дагы өзгөрдү. Озон катмарынын жукарышынан улам күндүн нуру да мурункудан бир топ зыяндуу десек болот.
Териге өспүрүм курактан тарта кам көрүлүүсү зарыл
Териде көйгөйлөр жаралган мезгилден баштап эле кам көрүү керек. Мейли, 11 жаштабы, 13 жаштабы, айырмасы жок.
Көпчүлүк ата-энелер балдарынын бетинде көйгөй жаралганда “жашсың да, өтүп кетет” дешип көңүл бурбай коюшат. Мына ошол убакта бул кичинекей көйгөй курчуп, өнүгүп кетиши мүмкүн. Ошондуктан безетки же башка нерселер чыгып жатканда, аз мезгилинде жок кылып, алдын алуу кажет. Убагында бетке жардам берилбесе, баланын да психологиясына зыяны тиет.
Эгерде тери нормалдуу абалда болуп, эч кандай көйгөй жок болсо, 15-16 жаштан баштап кам көрсө болот. Жаш терилерге кам көрүүчү каражаттардын курамдары да абдан жөнөкөй.
Жаш балдарга арналган бет майды колдонбоңуз
Жаш балдарга арналган бет майды чоң кишилерге колдонуу сунушталбайт. Анткени балдардын териси абдан назик, жумшак жана коргоого өтө муктаж келет. Балдарга арналган бет майда көрүнбөгөн жука плёнка (тасма) болот, ал терини жаап, коргоо функциясын аткарат. А эгерде ошол бет майды чоң адамдын бет терисине койсо, ага нымдуулук жетишпей калат. Чоң адамдын бет териси анчалык коргоого муктаж эмес, нымдуулук керек болот. Клеткаларды активдештирүүчү жана нымдуулукту жогорулатуучу курамдары бар бет майларды колдонуу зарыл.
Мындан тышкары бетти самындап жууган туура эмес. Самын теринин нымдуулугун азайтып, коргонуу функциясын начарлатат. Атайын гелдер менен жууган туура. Пилинг сыяктуу каражаттарды жумасына 1-2 жолу колдонуп турууну сунуштайм.