ЖЫЛНААМА: Мындан 107 жыл мурда белгилүү акын Алыкул Осмонов туулган

1915-жылдын 21-мартында кыргыздын улуу акыны, драматург жана котормочу Алыкул Осмонов туулган.

Кыргыздын улуу акыны, драматург жана котормочу Алыкул Осмонов Панфилов районунун Каптал-Арык айылында туулган. Кыргыз элинин алгачкы жазма акындарынын эң ири өкүлдөрүнүн бири. Жаштайынан тоголок жетим калып, Токмоктогу балдар үйүндө тарбияланган. Бишкектеги педагогикалык техникумда окуп, кийин "Жаш Ленинчил" гезитинде "Чабуул" журналында иштеген.

Чыгармачылыгы:

Анын 15 жашында жазылган "Кызыл жүк" аттуу эң алгачкы ыры гезит бетине басылган. Кийин акындын бир нече ырлар жыйнагы басмадан жарык көргөн. Анын оригиналдуу акындык жүзү 1945-жылы чыккан "Махабат" аттуу жыйнагынан таасын көрүнгөн. Акындын поэтикалык жеңиши менен эстетикалык принциптери "Жаңы ырлар", "Менин жерим — ырдын жери", "Ата журт" жыйнактарында дагы бекемделген. Бул жыйнактар кыргыз поэзиясын мурда болбогон реалисттик жаңы табылгалар, терең философиялык мазмун менен байыткан. Кыргыз фольклоруна кайрылып, аларды кайрадан иштеп чыгуу боюнча да көп эмгектенген. Балдар адабиятына кошкон салымы чоң. Мыкты котормочу экендигин да көрсөтүп, Пушкиндин "Евгений Онегинин", Крыловдун тамсилдерин, Шекспирдин "Он экинчи түн", "Отелло" трагедиясын, Руставелинин "Жолборс терисин жамынган баатырын" жана башка авторлордун ырларын кыргыз тилине которгон. Бир нече драмаларды жараткан.

Кийин Алыкул Осмоновдун көптөгөн ырларына обондор жаралды. Улуу акын "Ардак Белгиси" ордени менен сыйланган. Алыкул Осмонов 1950-жылы 12-декабрда оорудан улам көз жумган.

Акындын айрыкча "Ата Журт" аттуу ыры ар бир кыргыздын жүрөгүнөн түнөк таап келет.

Жылуу кийин, жолуң кыйын үшүүрсүң,
Кыш да катуу бороон улуп, кар уруп…
Суугуңду өз мойнума алайын,
Жол карайын, токтой турчу, Ата Журт!

Жазда башка жел тийбесин абайла,
Көпкө турбас мобул турган сур булут.
Бүт дартыңды өз мойнума алайын,
Сен ооруба, мен ооруюн, Ата Журт!

Түндөр жаман кырсык салып кетпесин,
Наалат келип, ат тизгинин шарт буруп…
Азабыңды өз мойнума алайын,
Из карайын, токтой турчу, Ата Журт!

Жазда башка жел тийбесин абайла,
Көпкө турбас мобул турган сур булут.
Бүт дартыңды өз мойнума алайын,
Сен ооруба, мен ооруюн, Ата Журт!

21-мартка карата жылнаама.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан