Бүгүн, 21-мартта Бишкек шаарынын "Ала-Тоо" аянтында Нооруз майрамына карата салтанат өтүп жатат.
Анда министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров сөз сүйлөдү.
"Дүйнө жүзүндө үй-бүлөдө 2ден ашык бала төрөлсө ал мамлекеттеги индексти жакшы деп санашат экен. Бизде 4-5 бала төрөлгөндү Кудайдан тилейли. Калкыбыз 6 жарым миллиондон ашты. Демек, элибиз келечекке оң карап, ишенип үмүт артып жатат деп түшүнсөк болот. Дагы бир айкөл Манас төрөлсүн деп Кудайдан тилейли", - дейт Акылбек Жапаров.