Манас Ниязов: "Абалым жакшы, Ошко бара жатам"

Кечээ Нооруз майрамына арналган көк бөрү мелдешинде Жогорку Лиганын 3-4-оруну үчүн болгон беттешинде улакчы Манас Ниязов оор жаракат алганы кабарланган. Ниязовдун абалына кызыккандар үчүн аны менен байланышып бүгүнкү күнгө карата акыбалын сурадык.

"Кечээ туура эмес маалымат жарыяланып кетти. Мага биринчи медициналык жардам көрсөтүлдү. Андан башка жардамга муктаж болгон жокмун. Акыбалым жакшы. Бүгүн Ошко сапар тарттым, азыр жолдомун", - деди ал SUPER.KG порталына.

Белгилей кетсек, 20-мартта Жогорку Лиганын 3-4-оруну үчүн болгон беттешинде Ош облусунун "Достук" командасы менен Ош шаарынын "Ала-Тоо" жааты күч сынашты. Оюн учурунда "Ала-Тоонун" катарынан Манас Ниязов тай казанга жетип келгенде атынан кулап, жаракат алды. Оюнчуну "Тез жардам" унаасы алып кетип, "Достук" командасы Манас Ниязовдун оор жаракат алгандыгына байланыштуу өз ыктыяры менен жеңилгенин билдирген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан