Мамлекет башчы Садыр Жапаровду чет элдик президенттер Нооруз майрамы менен куттуктады. Бул тууралуу президенттик администрациянын басма сөз кызматынан билдиришти.
Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевдин куттуктоосунда Нооруз ар бир үйгө байгерчилик жана өсүп өнүгүү алып келсин деген тилек айтылды.
"Жогорку адеп-ахлактык идеалдарды ишке ашырган бул куттуу жаз майрамы руханий жаңыланууга, тынчтыкка жана биримдикке үндөйт. Эзелтен аздектеп келген Нооруз биримдиктүү боордош мамлекеттерибизге кубаныч жана береке алып келсин.
Биздин биргелешкен күч-аракетибиздин аркасында бекем достукка жана ынак коңшулукка негизделген Казакстан менен Кыргыз мамлекетинин союзу элдерибиздин жыргалчылыгы үчүн мындан ары да динамикалуу өнүгө берерине терең ишенем. Нооруз ар бир үйгө байгерчилик жана өсүп-өнүгүү алып келсин", - деп айтылат Токаевдин куттуктоосунда.
Ал эми Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзийоев достук мамилелерди жогору баалай турганын белгиледи.
"Түбөлүк баалуулуктарыбызды жана жалпы тарыхыбызды камтыган бул байыркы майрам эки бир тууган элдин ортосундагы достук жана ынак коңшулук мамилелерди мындан ары да бекемдөөгө кызмат кылат.
Акыркы жылдары биздин ортобузда калыптанып калган достук мамилелерди жогору баалайм жана биздин алдыда боло турган жогорку деңгээлдеги жолугушууларыбыз көп кырдуу жана өз ара пайдалуу кызматташтыкты ар тараптуу кеңейтүүгө кызмат кыларын өзгөчө баса белгилегим келет.
Өз ара урматтоо жана колдоо принциптерине негизделген биздин стратегиялык өнөктөштүгүбүз мындан ары да жигердүү өнүгө берет деп ишенем", - дейт Мирзийоев.
Тажикстандын мамлекет башчысы Эмомали Рахмон: "Мен кыргыз-тажик кызматташтыгы жана ынак коңшулук мамилелери куттуу Нооруз майрамынын жакшы салттарын улантуу менен келечекте биздин элдерибиздин түпкү кызыкчылыктарына ылайык өнүгүп жана кеңейе берерине терең ишенем", - деп куттуктады.
Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедов бакубатчылык каалады. "Байыркы замандан бери Нооруз майрамы жаратылыштын жандануусун, жашоонун салтанатын жана жаздын келишин символдоштурган. Бул майрам меймандостуктун, тынчтыктын, ынак коңшулаштыктын жана гуманизмдин бийик принциптерин өзүнө сиңирип алгандыктан элдердин биримдигин жана достугун чыңдоодо өзгөчө мааниге ээ.
Бул жаркын майрам сиздер үчүн жана сиздин өлкөнүн эли үчүн кубаныч, бакубатчылык жана гүлдөп-өнүгүү менен белгиленсин", - деп айтылат куттуктоодо.
Азербайжандын президенти Ильхам Алиевдин куттуктоосунда "Кыргыз мамлекети менен Азербайжан ортосундагы мамилелер эки элдин кызыкчылыгы үчүн мындан ары да өнүгүп, бекемделет деп ишенем" деп айтылат.
Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин Кытай менен Борбордук Азия өлкөлөрүнүн ортосундагы дипломатиялык мамилелердин 30 жылдыгын чогуу белгилегенин эске салды.
"Ал эми Пекин шаарында өткөн Кышкы Олимпиада оюндарынын жүрүшүндө биз достукка негизделген жемиштүү жолугушуу өткөрүп, анын жыйынтыгында эки тараптуу мамилелерди тереңдетүү, "Бир алкак, бир жол" демилгесин биргелешип курууга көмөктөшүү жана COVID-19 коронавирус инфекциясы менен күрөштө кызматташтыкты бекемдөө боюнча кеңири макулдашууларга жетиштик", - деп жазылат куттуктоодо.