Акыркы сутка ичинде республика боюнча COVID-19 илдетинен 1 бейтап каза болду. Мындай маалымат Саламаттыкты сактоо министрлигинин расмий сайтында көрсөтүлөт.
Маалыматка ылайык, каза болгон жаран Бишкек шаарынын тургуну. Ал вакцина алган эмес.
Республика боюнча жалпы каза болгондордун саны 2981 кишини түздү.