ТИМ: "Кытайда кырсыкка кабылган учакта Кыргыз жарандары жок"

Кытайда кырсыкка кабылган учакта Кыргыз жарандары жок. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

"Кечээ, 21-мартта Кытайдын түштүгүндө "China Eastern Airlines" авиакомпаниясынын Боинг-737 жүргүнчү учагы кыйраганын Кытайдын Борбордук телеканалы кабарлаган.

Гуанчжоу шаарындагы Кыргыз өлкөсүнүн консулдугу кырсыкка кабылган учакта Кыргыз жарандары жок экендигин кабарлайт", - деп жазылат маалыматта.

Кечээ, 21-мартта Кытайдын түштүгүндө Boeing 737 жүргүнчү учагы кулаганы айтылган. Алдын ала маалымат боюнча, учакта 133 адам болгон. Азырынча жабыркагандар жана каза болгондор тууралуу маалымат бериле элек.


РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан