Жалал-Абадда очогунда күчү 5 баллга жеткен жер титирөө катталды. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, жер титирөө 21-март күнү саат 22:20да катталды.
Жер титирөө Чаткал районунун Каныш-Кыя, Айгыр-Жал, Коргон-Сай айылдарында 4 баллга чейин, Ак-Таш, Курулуш, Жаңы-Базар, Башкы-Терек айылдарында 3,5 баллга чейин, Беш-Арал, Чакмак-Суу, Терек-Сай айылдарында 3 баллга чейин сезилген. Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.