Балдар эмнеге калп айтат? Психологдун жообу

SUPER.KG порталынын "Психологдон кеңеш" бөлүмүндө бул жолу балдар эмне үчүн калп айтат деген теманын алкагында кеп курабыз. Бул тууралуу суроолорубузга психолог Алтынай Кариева жооп берди.

- Балдар эмне үчүн калп айтат?

- Негизи бул жашоодо ар бир адам калп айтып көргөн болушу керек. Ал эми кичинекей балдардын калп айтуусу бул өтө көп кездешет. Ата-энелер "эмнеге балам калп айтат?" деп сарсанаа болушат. Баланын калп айтуусунун эң негизги себеби алардын коркконунда. Анткени ата-эне калп айтканга чейин өздөрү "эгер сен калп айтсаң сейил бакка алып барбай коём", "телефонуңду алып алам", "кетип калам" деп калп айтышат. Бала чындыкты айткандан эмес, ата-энесинин реакциясынан коркушат. Бала өзүн коргоо үчүн калп айтууну тандап алат. Анда эч кандай жаман көрүнүш жок.

Мындан тышкары ата-эне балага калп айтууну байкабастан өздөрү үйрөтүп алышат. Маселен, ата-эне телефон менен сүйлөшүп жатып, "жок, биз үйдөн чыгып бара жатабыз", "үйдө эмес болчумун" деп айтканын бала көрөт. Бала өзүнүн көргөн нерсесин гана кайталайт. Калп айтууда баланын күнөөсү жок. Чындыкты айтканга үйрөнүшү керек.

Үчүнчүдөн балдардын фантазиясы чоң адамдарга салыштырмалуу өтө өрчүгөн. Бала кинодон, мультфильмдерден көргөн нерсени кошумчалап, чоңойтуп коюшу ыктымал.

- Балдар калп айтса эмне кылуу керек?

- Бала калп айтса урушуунун, коркутуунун кереги жок. Эч качан ата-эне баласына кол көтөрбөшү керек. Бала менен жөн гана сүйлөшүү зарыл. Маселен, "сенин калп айтканыңды билдим, мен билем, мени кайгырбасын деп калп айттың окшойт" деп сезимдери менен кошо бөлүшүп, абалдын үстүнөн иштеп, диалогго барганга үйрөнүшү абзел.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан