Бишкектеги "Ош базарында" 69 миң кутудан ашык акциздик маркасыз тамекини тартып алынды. Бул тууралуу Салык кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, жеке ишкер кампада акциздик маркасыз ар кандай аталыштагы чет өлкөдө өндүрүлгөн тамекилерди сатып жаткан. Жалпы суммасы 3 миллион 400 миң сомго бааланган 69 миң 504 куту тамеки тартып алынды.
Мындан тышкары, субъектте продукцияга уруксат берүүчү документтер, анын ичинде шайкештик жөнүндө декларация, товардык-транспорттук коштомо кагаз жана башкалары болгон эмес.
Алдын ала маалыматтар боюнча, тартып алынган продукция Кыргыз өлкөсүнүн аймагына контрабандалык жол менен киргизилген.
Ишкерге мыйзам чегинде чаралар көрүлөрү айтылат маалыматта.