"Ош" аэропортунда салмагы 2 килограммга жакын алтын буюмдарды контрабандалык жол менен алып бара жаткан 4 жаран кармалды. Бул тууралуу Ош ОИИБинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, кармалган жарандар Өзбекстандын жарандары болушкан. Алар алтын буюмдарды тагынып өтүп бара жаткан жеринен кармалып, жалпы 1 килограмм 972 грамм алтындан жасалган буюмдар алынган.
Бүгүнкү күндө аталган атуулдардын көрсөтүлгөн алтын буюмдарын алган жерин жана эмне максатта алып бара жатышкандыгын аныктоо максатында текшерүү иштери жүргүзүлүүдө.