Асель Чынбаева Балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүл болуп дайындалды. Ал Чүй облусунун Кара-Балта шаарында 1974-жылдын 7-майында туулган. Чынбаева 1996-жылы Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетин "Укук таануу" адистиги боюнча аяктаган.
1998-1999-жылдары – Жогорку Кенештин депутатынын коомдук жардамчысы;
1999-2000-жылдары – Бишкек шаардык мэриясынын укук департаментинин адиси;
2000-жылы "Айыл тургундарына укуктук жардам Хельвитас Швейцар эл аралык кызматташтык ассоциациясы" укуктук долбоорунун юристи;
2001-жылы – "Альянс-Транс" ассоциациясынын юристи;
2001-2004-жылдары – Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин кадрдык, укуктук иштер жана аткарууну көзөмөлдөө бөлүмүнүн адиси;
2004-2006-жылдары Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин кадрдык уюштуруу жана укуктук иштер бөлүмүнүн юридикалык иштер секторунун сектор башчысы;
2006-2007-жылдары премьер-министрдин аппаратынын юридикалык бөлүмдүн укуктук анализ секторунун башчысынын милдетин аткаруучу;
2007-жылы премьер-министрдин аппаратынын укуктук экспертиза бөлүмүнүн мыйзамды тутумдаштыруу жана кодификациялоо секторунун башчысынын милдетин аткаруучу;
2007-жылы премьер-министрдин аппаратынын укуктук экспертиза бөлүмүнүн эксперти;
2007-2009-жылдары - премьер-министринин аппаратынын укуктук камсыздоо жана кадрдык кызмат бөлүмү, укуктук анализ жана экспертиза секторунун эксперти;
2009-жылы – өкмөттүн аппаратынын укуктук колдоо бөлүмүнүн эксперти;
2009-жылы- өкмөттүн аппаратынын укуктук колдоо бөлүмүнүн башчысынын орун басары;
2010-жылы – убактылуу өкмөттүн аппаратынын укуктук камсыздоо жана экспертиза бөлүмүнүн эксперти;
2010-жылы президенттик администрациянын укуктук камсыздоо жана экспертиза бөлүмүнүн эксперти;
2010-2015-жылдары - өкмөттүн аппаратынын укуктук камсыздоо бөлүмүнүн эксперти;
2015-2016-жылдары өкмөттүн аппаратынын экспертиза жана укуктук камсыздоо бөлүмү экспертиза секторунун башкы эксперти;
2016-2017-жылдары – өкмөттүн аппаратынын экспертиза жана укуктук камсыздоо бөлүмүнүн башкы эксперти;
2017-жылы өкмөттүн аппаратынын экспертиза жана укуктук камсыздоо бөлүмүнүн кодификация секторунун башчысы;
2017-жылы – өкмөттүн аппаратынын экспертиза жана укуктук камсыздоо бөлүмүнүн башчысынын орун басары;
2017-2019-жылдары өкмөттүн аппаратынын укуктук экспертиза бөлүмүнүн башчысынын орун басары;
2019-2021-жылдары өкмөттүк аппараттын укуктук экспертиза бөлүмүнүн башчысы;
2021-жылы - юстиция министри.