"Эл катары баскым келет". Басуу мүмкүнчүлүгүнөн ажыраган Элчибек Быржыев кайрымдуу элден жардам сурайт

Бишкек шаарынын 44 жаштагы тургуну Элчибек Быржыевге тез арада жасалчу операциясына каражат жетпей кайрымдуу калктан жардам суроого туура келди. Бул тууралуу SUPER.KG порталына анын келинчеги Мээрим Өзүбекова билдирди.

"Жолдошума жүлүндүн артериовеноздук кемтиктери (артериовенозные мальформации спинного мозга) диагнозу коюлган. 2019-жылы жамбашы шишип, 2021-жылга чейин так диагнозу коюлбай келген. Ошондон бери барбаган жерибиз калган жок, ооруканалап эле жүрөбүз. 2021-жылы март айында Санкт-Петербургда операция болгон. Анан 4 күндөн кийин баса албай кыйналып, балдак менен жүрдү. 3 айдан кийин эки буту баспай, жылбай калды. 4 операцияны башынан өткөрдү. Үчөө Орусияда жасалган.

Азыркы учурда операция Түркияда жасала турган болууда. Алар 40 миң долларга чукул каражат кетерин айтышты. Туугандар жардамдашып жатышат. Азыркы учурда өзүбүздө 10 миң доллар бар. Дагы жок дегенде 20 миң доллар чогултуу керек болууда. Учурда жолдошум экөөбүз тең иштебей үйдөбүз. Батирде турабыз.

Каражатты чогултсак эле Түркияга операция жасатууга барабыз", - деди Өзүбекова.

Ал эми Элчибек Быржыев кайрымдуу элдин жардамында басып кетсем деген аруу тилегин айтып өттү.

"Ушундай абалга келем деп эч ойлогон эмесмин. Тагдырдын оор сыноосуна кабылып калдым. Эл катары басып, Орусияга барып иштеп жүрүп ушундай абалга түшүп калдым. Эл катары баскым келет. Кичине каражат жагынан кыйналып жатам, элдин жардамы менен басып кетсем...", - деп билдирди Быржыев.

Жардам берүүнү каалагандар үчүн реквизиттер:

Сбербанк.
4276550051739848
Тел номер
+79992217891
Быржыев Элчибек Каткелдиевич

М.банк
9417608996226674
Тел номер
+996709780881
Быржиев Мирбек Каткелдиевич

KiCB элсом
4446791058862317
Быржиев Мирбек Каткелдиевич
Вотсап номер 0700117055.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан