
Жаап өткөн жана күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу өлкөнүн бир нече аймагына кар көчкү түшүү коркунучу бар. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 22-марттан 23-мартка чейин жаап өткөн жана күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу өлкөнүн тоолуу райондорунда жолдор тайгак болуп, муз тоңот. Ошондой эле ӨКМ унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарылдыгын эскертет.
Кар көчкү түшүү коркунучу бар аймактар:
- Бишкек-Ош унаа жолунун 121-138-чакырымы Төө-Ашууда;
- Бишкек-Ош унаа жолунун 198-255-чакырымы – Ала-Бел ашуусунда;
- Суусамыр – Талас – Тараз 1-14-чакырымы Өтмөк ашуусунда;
- Ала-Бука – Каныш -Кыя унаа жолунун Чапчыма ашуусунда;
- Красная Горка – Ак-Таш унаа жолунун 1-4-чакырымында;
- Мырза-Аке – Кара-Кулжа – Алайкуу унаа жолунун 55-107-чакырымында;
- Ош – Сары-Таш – Эркештам унаа жолунун Талдык ашуусунда тагыраагы, 160-179 чакырымында;
- Сары-Таш – Дароот-Коргон – Карамык унаа жолунун 136-137-чакырымында Батман-Көл айылында, 147-150 чакырымында Кара-Тейит айылында;
- Бишкек – Нарын – Торугарт 292-305 чакырымы – Долон ашуусунда, Кара-Үңкүр капчыгайында;
- Казарман – Актал-Чат унаа жолунун 42-44-чакырымы – Ийри-Суу тилкесинде, 60-94-чакырымы – Кара-Гөө ашуусунда;
- Каракол-Эңилчек унаа жолунун 45-48, 65-90-чакырымдарында;
- Барскоон – Ак-Шыйрак унаа жолунун Сөөк ашуусунун 52-68-чакырымында кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт.