Мобилдик көчмө клиника Чүйдөгү ишин жыйынтыктады. Эми көлдүктөр акысыз медициналык текшерүүдөн өтө баштайт

Бүгүн, 22-мартта саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев иш сапарынын алкагында Чүй облусунда мульти-диагностикалык мобилдүү клиниканын иши менен таанышканын министрликтин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, көп фукционалдуу көчмө клиника былтыр ноябрь айында Чүй өрөөнүндөгү калкты акысыз текшерүүдөн өткөрүү ишин баштаган. Клиниканын Чүйдөгү иши жыйынтыкталып, Ысык-Көл облусуна багыт алды. Жакынкы күндөрү мульти-диагностикалык мобилдүү клиника Түптүн тургундарына акысыз медициналык текшерүү кызматын көрсөтө баштайт.

Белгилей кетсек, Чүй облусунун 9 миңдей тургуну көчмө мультидиагностикалык комплекстин кызматынан пайдаланган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан