Бишкектин көчөлөрүнө эстетикалык көрк берилет

Бишкек шаарынын көчөлөрүндө жайгашкан электр панелдери, телефондук тирөөчтөр жана башка байланыш шкафтарына эстетикалык көрк берилет. Бул тууралуу "Бишкек башкы архитектура" мекемесинен билдиришти.

"Шаардын көчөлөрүнө көрк берүү максатында темир байланыш шкафтарына арт-сүрөттөр тартылат. Аткарылуучу иштерге демөөрчүлөрдү тартуу менен арт-сүрөтчүлөрдүн эмгегине жана кызматына кеткен чыгымдарды өзүбүз төлөйбүз", - деп айтылат билдирүүдө.

Белгилей кетсек, борбордун көчөлөрүндө көптөгөн электр панелдери, телефондук щиттер жана башка темир байланыш шкафтары эбак эле маалымат тактасына айланып, жарыялар чапталып, шаардын көркүн бузуп келген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан