Украинадагы кагылышта каза болгон 20 жаштагы жигиттин сөөгү Ысык-Көлдө жерге берилет. Бул тууралуу SUPER.KG порталына маркумдун айылдашы билдирди.
"20 жаштагы Эген Ж. Кара-Ой айылында туулуп-өскөн. 2021-жылы Орусияга кеткен. Норильскиде армияга чакырылган. Бизге ал 8-мартта каза болгонун айтышты. Бирок алар каза болгонун 13-мартта жарыялашты. Ал жана анын ата-энеси Орусиянын жарандыгын алышкан. Маркумдун сөөгүн эртең, 23-мартта Канттагы авиабаза аркылуу мекенге алып келүү күтүлүүдө, акыркы сапарга узатуу зыйнаты Ысык-Көлдүн Кара-Ой айылында өтөт. Учурда маркумдун жайы дайындалып жатат", - деди ал
Учурда Тышкы иштер министрлиги бул маалыматты тактап жатат.