Төө-Ашуудагы бороондон улам Бишкек-Ош жолуна чектөөлөр кирди. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Транспорт министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Төө-Ашуунун түндүк тарабындагы катуу бороонго байланыштуу Бишкек-Ош жолунда оор жүк ташуучу унаалардын жүрүшүнө чектөө коюлду. Анткени катуу бороондо жүк ташуучу унаалар жолдо тыгын жаратуу коркунучу жаралган.