Чоң апасы милицияга кайрылган. Токмокто 16 жаштагы Назима Жакшыбаева 6 күндөн бери дайынсыз болууда

Чүй облусунун Токмок шаарында 16 жаштагы Назима Жакшыбаева дайынсыз болуп изделет. Ал 17-мартта үйүнөн чыгып кеткен бойдон кайра кайрылып келген эмес.

Чүй ОИИББинин маалымат кызматынан кабарлашкандай, өспүрүмдүн дайынсыз болуп жатканын чоң апасы айткан.

"Ал 18-мартта милиция кызматкерлерине кайрылып, 16 жаштагы небереси Назима Жакшыбаева бир күн мурда саат 15:30 чамасында үйдөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз болуп жатканын билдирген", - дешет мекемеден.

Изделип жаткан өспүрүм үйүнөн чыккан күнү көк түстөгү жынсы шым, кара түстөгү күрмө, кара түстөгү спорттук бут кийим кийип жүргөн.

Бою 150-155 сантиметр, орто салмакта, чачтары кара.

Эгерде сүрөттөгү кызды көрүп, билгендер болсо кабарлап коюуну милиция кызматкерлери өтүнүшөт. Байланыш номерлери: (0312) 43-01-27, (0312) 43-88-85, (0312) 60-73-63, 0501 900 065 (Токмок).

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан