Чүйдүн Токмок шаарында эне-бала дайынсыз болууда. Бул тууралуу Чүй ОИИББинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, 19-январда Токмок ШИИБине 1985-жылы туулган Д.А. аттуу жаран анын 1993-жылы туулган жубайы Анастасия Игоревна Сытинан жана 2015-жылы туулган уулу Дьяков Евгений Анатольевичти издөөгө көмөк көрсөтүү өтүнүчү менен кайрылган. Эне-бала ушул жылдын 11-январь күнү болжол менен саат 14:00дөр чамасында Токмок шаарындагы үйүнөн чыгып кетишкен бойдон кайтып келишкен эмес.
Бул адамдар тууралуу кандайдыр бир маалыматы бар жарандар төмөнкү телефон аркылуу кабарлоосун милиция кызматкерлери суранат.
Байланыш телефону: 0312 43-01-27, 0312 43-88-85, 0312 60-73-63, 0501 900 065.