Чүйдө эки аптадан бери изделип жаткан өспүрүм аман-эсен табылды

Чүй облусунун Жайыл районунда дайынсыз болуп изделип жаткан өспүрүм аман-эсен табылды. Бул туурасында облустук ички иштер башкы башкармалыгынан маалымдашат.

Белгилүү болгондой, 16 жаштагы Т.Ж. 9-март күнү үйүнөн чыгып кеткен бойдон кайра кайтып келген эмес. Анын дайынсыз болуп жатканын милиция кызматкерлерине жакындары кабарлашкан.

Бул факты каттоого алынып, издөө иштери башталган. Көрүлгөн аракеттердин натыйжасында изделип жаткан өспүрүм аман-эсен табылып, жакындарына өткөрүлүп берилди. Алар менен профилактикалык түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан