Украинадагы аскердик кагылышта каза болгон жигиттин сөөгү өлкөгө качан келери белгисиз болууда. Бул тууралуу SUPER.KG порталына маркумдун жакыны билдирди.
"Инибиз Эгемберди Дорбоевдин сөөгү качан келери белгисиз болууда. Азырынча эч кандай маалымат жок. Биз дагы күтүп жатабыз", - деди жакыны.
Эскерте кетсек, Украинадагы аскердик кагылышта 20 жаштагы кыргыз улутундагы Эгемберди Дорбоев аттуу Орусиянын жараны каза болгону кабарланган.