Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Баткенде 1300 гектар жерге сары таш иштетүүчү үчүн лицензия алып алган. Бул туурасында "Баткен облустук ишкерлер бирлигинин" өкүлү Авазхан Чотбаев тарабынан маалым болду.
Айтымында, Баткен шаарынын мэри ишкерлерге жер тилкелерин бөлүп берүү укугунан четтеп калган. Башкы прокурорго кайрылган ишкер лицензия алуу жылдап созуларын, бул маселеге прокуратуранын кийлигишүүсүн да суранды.
"Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты (атын атабай эле коёюн) сары таш иштетем деп 1300 гектар жерге лицензия алып алган. 5 гектар жерде деле сары ташты иштетсе болот да. Бул башка ишкерлерге тоскоол болот.
Баткен шаарынын мэри дагы ишкерлерди колдосо жакшы болмок. Бирок ал ишкерлерге жерлерди берүү укугунан четтеп калган", - дейт ишкер.