Нарындын Алыш айылында 10 айымдан турган жамаат 14 жылдан бери кол өнөрчүлүк менен алектенип келет (сүрөт)

Нарын облусунун Нарын районундагы Алыш айылында "SAORI" жамаатынын айымдары кол өнөрчүлүк менен алектенип, жасаган буюмдарын өлкөнүн аймактарында сатып келет.

"SAORI" жамаатынын түзүлгөнүнө 14 жылдын жүзү болду. Курамында айылдагы 10 айым бар. 2008-жылы Япониядан ыктыярчы кыз келип, бизге Saori станогу тууралуу маалымат берип, жамаат түзүп, кол өнөрчүлүк менен алектенүү тууралуу сунуш киргизген. Макул болуп иштеп баштадык. 4 станок бар. Ар түрдүү: косметика салган баштык, шарф, сумка, капчык сыяктуу буюмдарды, сувенирлерди жасайбыз. JICA уюму "Бир айыл - бир продукт" дүкөнүн уюштурушкан. Уюм биздин жасаган буюмдарыбызды Бишкекте, Караколдо сатууга көмөктөшүп келишет. Андан тышкары туристтер дагы алышат. Жумуш аябай майда, көп убакытты талап кылат. Жамааттын мүчөлөрү айына 2-3 миң сомдун тегерегинде маяна алышат. Бул аз каражат, бирок айылда бош отургандан көрө жакшы. Имаратты ижарага алып иштетип келебиз", - деди жамааттын жетекчиси Гүлбара Ысыралиева.

Маалымат үчүн: SAORI (саори) - бул Япония өлкөсүнүн токуу өнөрчүлүк ыкмасы. Япония мамлекетинин "Бир айыл - бир продукт" программасын Кыргыз өлкөсүндө JICA уюму ишке ашырып келүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан