2013-жылдын 26-ноябрына карата электр энергиясынын суткалык керектөөсү 57 миллион киловатт саат. Бул туурасында Энергетика жана өнөр жай министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.
Маалыматка караганда, жогорудагы көрсөткүч өткөн жылга салыштырмалуу 0,5 миллион киловатт саатка аз. Ал эми күнүмдүк максималдык керектөө күчү 2736 мегаватт, Бул 2012-жылга салыштырмалуу 58 мегаваттка жогору.