Кыргызстандын чек арасын жана асманын мындан ары Түркияда чыгарылган "Bayraktar TB2" учкучсуз аппараттары коргойт. Бул тууралуу бүгүн, 25-мартта УКМК башчысы Камчыбек Ташиев журналисттерге билдирди.
"Техника сатып алууга эч кимден жардам сурабайбыз. Биз эми ок-дарыларды, курал-жарактарды да сатып алабыз. Муну менен Кыргызстандын коопсуздугун жана бүтүндүгүн толук камсыз кылабыз. Мунун баары президент Садыр Жапаровдун көрсөтмөлөрүнүн аркасы менен аткарылууда.
Ошондой эле "Bayraktar TB2" учкучсуз аппараттарын Чек ара кызматынын күжүрмөн нөөмөтүнө дагы алып бардык. Мындан ары дрондор да мамлекетибиздин чек арасын кайтарат. Эгерде эки тараптан тең кандайдыр бир окуя болсо, биз тийиштүү түрдө жооп беребиз”, - деди Ташиев.