Президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алтынбек Сулайманов жана Каракол шаарынын аксакалы, профессор, филология илимдеринин доктору, 93 жаштагы Акеш Иманов төрөт үйүнө барышты. Бул тууралуу өкүлчүлүктүн басма сөз кызматынан билдиришти.
25-марттан 3-апрелге чейин өлкөдө эл жана турак жай фондун каттоо жүргүзүлөт. Бул өнөктүк Ысык-Көл облусунда да башталды.
Жети-Өгүз районунун Кичи Жаргылчак айылынын тургуну Талантбек Кызы Гүлнуранын жаңы төрөлгөн уулу каттоого алынды.
Профессор Акеш Иманов бүгүнкү күн билген кишиге майрам экенин белгиледи. "Өлкөбүздө эл каттоо жүрүп жатканы абдан маанилүү, бул өнөктүккө бардык жарандар олуттуу карашы керек. Облус жетекчисинин төрөт үйүнө келип, ымыркайды өзү баш болуп каттоого алып жатканына кубанып, мен да батамды берейин деп келдим. Ушинтип элге жакын болуш керек. Жаңы төрөлгөн ымыркайыбыз кыргызым деп эмгектенген, акжолтой уулдардан болсун. Макул десеңер ысымын Белекбай коёлу”, - деди аксакал.
Алтынбек Сулайманов бул өнөктүк өлкөнүн жана калктын жашоо-турмушун кеңири билүүгө, бышып жетилген көйгөйлөрдү учурунда баамдап, саясатта жана экономикада туура чечимдерди кабыл алууга мүмкүнчүлүктөрдү түзөрүн билдирди. “Эл каттоодо бекеринен төрөт үйүнө келген жокпуз. Бул Кыргыз өлкөсүндө ар бир адам маанилүү экенинин мисалы. Аксакалыбыз келип, батасын берип өнөктүктү ачып бергени да жакшы жышаан. Каттоого түшүнүү менен мамиле жасап, активдүү катышуу менен бирге анын уюшкандыкта өтүүсүнө салмактуу салымыңыздарды кошосуздар деп ишенем”, - деди облус жетекчиси.
Ысык-Көл облустук статистика башкармалыгынын жетекчиси Улан Искатов учурда облус боюнча 40 координатор, 201 инструктор-контролер, 1997 каттоочу кабыл алынганын айтты. “Алар 12 күндүк окуу семинарына катышып, жыйынтыгында тестирлѳѳдѳн ийгиликтүү ѳтүштү, ошондой эле жабык канал аркылуу мобилдик тиркемеде каттоону алып баруу үчүн тийиштүү жеке симкарталары, логин, паролдор жана коронавирус пандемиясынан сактануу үчүн бардык керектүү медициналык каражаттар менен камсыз болушту”, - деди Искатов.