Украинада көз жумган Эгемберди Дорбоевге Орусиянын "Эрдик" ордени ыйгарылды

Украинадагы аскердик кагылышта каза болгон кыргыз жигити Эгемберди Дорбоевге Орусиянын "Эрдик" ордени менен сыйланды. Маалыматты анын жакындары тастыкташты.

Эгемберди Дорбоевди акыркы сапарга узатуу бүгүн, 25-мартта Ысык-Көл облусунун Кара-Ой айылында орун алды.

Белгилей кетсек, Украинадагы аскердик кагылышта 20 жаштагы кыргыз улутундагы Эгемберди Дорбоев аттуу Орусиянын жараны каза болгон.

24-мартта Эгемберди Дорбоевдин сөөгү Кыргызстанга алып келинген. Маркумдун сөөгү Канттагы авиабазадан Кара-Ой айылына жеткирилип, аны Орусиянын аскер кызматкерлери коштоп барышты.

"Эрдик" ордени Орусиянын мамлекеттик сыйлыгы.



РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан