Борбор калаанын көчөлөрүндө жана шаардагы мыйзамсыз орнотулган объекттерди тартипке келтирүү иштери улантылууда. Бул тууралуу Бишкек мэриясынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, мыйзамсыз деп эсептелген Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясына тосмолорун өз ыктыяры менен оңдоо үчүн мекеме жетекчилигине эскертүү берилген. Тилекке каршы, эскертүү аткарылбагандыктан аталган мекеменин тосмолорун алуу иштери башталды.
“Алынган тосмолор айып базасында болот. Ээлери оңдоого кеткен чыгымдарды толук төлөгөндөн кийин мүлктү ала алышат”, - деп билдиришти мэриядан.
Белгилей кетсек, Малдыбаев көчөсүндө жайгашкан Насирдин Исанов атындагы Кыргыз мамлекеттик курулуш жана архитектура университетине эскертүү түшкөндөн кийин мекеменин жетекчилиги тосмолорду өз ыктыяры менен алган.