Салык кызматынын төрагасынын жаңы орун басары жамаатка тааныштырылды

Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары болуп Исламбек Кыдыргычов дайындалды. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, тиешелүү буйрукка Акылбек Жапаров кол койгон.

Бүгүн, 25-мартта финансы министринин биринчи орун басары Илияз Иманбетов Салык кызматынын төрагасынын жаңы орун басарын жамаатка тааныштырды.

Кыдыргычов бул кызматка дайындалганга чейин президенттин администрациясында эмгектенген. Салык жана бажы саясаты маселелерин жетектеген.

Буга чейин аталган кызматты Руслан Суйналиев аркалап келген. Ал башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу ээлеген кызматынан бошотулду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан