Бишкектеги Алмазбек Исманкуловдун көз микрохирургиялык клиникасына мөөр басып кетишти. Бул тууралуу аталган клиникадан маалымдашты.
"Азыркы учурда мэриянын жана Саламаттыкты сактоо министрлигинин кызматкерлери көз микрохирургиялык клиникасына мөөр басып жатышат. Клиниканын ичинде кызматкерлер менен бейтаптар бар. Соттун уруксатысыз он чакты адам өздөрүн тааныштырбастан жана документин көрсөтпөстөн баш аламандык жаратууда", - деп билдиришти аталган клиникадан.
Белгилей кетсек, 10-мартта Алымкадыр Бейшеналиев көздүн микрохирургиясы клиникасынын жетекчиси Алмазбек Исманкулов менен телефон аркылуу байланышып, 3 сааттын ичинде клиниканы бошотуп коюуну айткан.