Жогорку Кеңеште бүгүн, 26-ноябрда кыргыз парламентинин 75 жылдыгына арналган конференция уланып жатат. Анда сөз сүйлөгөн экс-спикер, коомдук ишмер Алтай Бөрүбаев учурда парламентти таратууга негиз жок экенин айтты. “Кээ бир саясий күчтөр өздөрүнүн ой-пикирин таңуулап, парламентти таратуу керек дешүүдө. Айрыкча “Кумтөр” маселеси боюнча. Парламентке иштөөгө мүмкүнчүлүк берүү керек. Баш мыйзамда парламенттин кандай учурда тарай турганы жазылып турат. Ага азыр негиз жок. Коррупция менен күрөш курч жүрүп жаткан учурда өкмөт, парламент, сот органы биргеликте иштеши зарыл болуп турат”,- деди Бөрүбаев.