Жаза аткаруу кызматынын полковниги Кыял Дүйшөналиев каза болду

Юстиция министрлигинин Жаза аткаруу кызматынын полковниги Кыял Дүйшөналиев каза болду. Бул тууралуу Жаза аткаруу кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Жаза аткаруу кызматынын полковниги Кыял Дүйшөналиев 24-мартта катуу оорудан кийин каза болгон.

Ал 1992-жылдан бери Ички иштер министрлигинин жана Жаза аткаруу тутумунда кызматын баштаган. №21 тергөө изоляторунун тескөөчүсүнөн баштап мекеменин жетекчисинин тарбия иштери боюнча орун басарына чейин жеткен.

Бишкектеги кооперативдик техникумда жана Эл аралык педагогикалык академияда юриспруденция жана психология адистиги боюнча билим алган.

“Кесиптешибиздин элеси аны билгендердин баарынын жүрөгүндө түбөлүккө сакталат.

Оор жоготууга байланыштуу анын үй-бүлөсүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтабыз. Жаткан жери жайлуу, топурагы торко болсун!”, - деп айтылат билдирүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан