
Саламаттыкты сактоо министри
Алымкадыр Бейшеналиев эл үчүн реформаларды жүргүзүп, саламаттыкты сактоо тармагын калыбына келтирүүнү уланта берерин айтты. Министр бир гана эл шайлаган президент аны кызматтан ала аларын белгилейт. Анын билдирүүсүн Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы таратты.
"Менин жазам боюнча чечимди мыйзам чегинде президент чыгарсын дегем. Менин сөздөрүм көп учурда туура эмес кабыл алынышы жаңылык эмес. Бирок бул нерседен мен дагы сабак алам, өз оюмду туурараак айтканды үйрөнөм.
Мунун баары Исманкуловду ооруканадан чыгарууга каршы чыккан массалык маалымат каражаттарынын көтөрүлүшү деп түшүнөм. Менин билдирүүлөрүм тууралуу маалымат каражаттарындагы ызы-чуулардын баары А.Исманкуловдун ишмердүүлүгүнө, тактап айтканда, мамлекеттик насыяны жеке максаттарына пайдаланып, бул боюнча эл аралык жаңжалга байланыштуу негизги суроолорду башка нукка бурууга багытталган. Ал алган насыянын төлөмү бизге, салык төлөөчүлөргө жүктөлөт.
Эмне үчүн мамлекеттик имаратты көп убакыттан бери жеке менчик клиника ээлеп турганына эч ким нааразы эмес? Алтургай пандемия маалында орундар жетишсиз болуп турганда Исманкулов бейтаптарды жайгаштырууга оорукананы сунуштаган да эмес. Эми болсо Исманкулов кечирим сурап, имаратты бошоткондун ордуна мамлекеттик ооруканада калуунун ар кандай жолдорун издеп жатат.
Менин эмоция менен айткандарымды чукуп, каралап жатышат. Бирок түшүнгүлө, мен президентти шайлап, ага өлкөнүн тагдырын ишенип тапшырган элдин ден соолугуна кам көрүүгө аракет кылып жатам. Ал эми президент мага саламаттыкты сактоо тармагын реформалоону жана саламаттыкты сактоо тармагын калыбына келтирүүнү тапшырды.
Жакшы жыйынтыктар бар, мисалга Кыргыз-Түрк достук ооруканасы иштей баштады. 2011-жылдан бери токтоп турган оңдоп-түзөөдөн өткөн травматология бөлүмү менен президент таанышты, имаратты Бишкектин №1 төрөт үйүнө кайтарып бердим. Ал эми Исманкуловго башка медициналык борборлордой эле насыя маселесин чечип, клиника үчүн башка имаратты ижарага алып, ишин улантууга эмне тоскоол болууда?
Жүргүзүлүп жаткан реформаларды медицинабыздын бардык корифейлери – Мамытов, Мамакеев жана башкалар колдоп жатышат. Ошондуктан мен дагы бир жолу айтам – мен реформаларды жүргүзүп, саламаттыкты сактообузду калыбына келтирип, эл үчүн иштей берем", - деп айтылат министрдин билдирүүсүндө.