"20-30дай соода-сатык орундары бош турат". "Ош базарында" мыйзамсыз соода кылгандарга карата рейд жүргүзүлдү

Бүгүн, 26-март күнү Ленин районунун мобилдик тобу "Ош базары" соода түйүнүнүн коопсуздук кызматы менен биргеликте "Ош базарынын" тегерегинде жайгашкан жерлердеги көмүскө сооданы жоюу боюнча рейд жүргүздү.

Рейддин алкагында базардагы мыйзамсыз соода кылган соодегерлерге түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, эскертүүлөр берилди.

Базардын ичинде ижара акысын төлөп соода кылган сатуучуларды ойлошубуз керек дейт Ленин районунун акими Русланбек Тагаев.

"Статистика боюнча бир айда "Ош базарын" көрөбүз" деген туристтерден 146 билдирүү келет. Бул базар шаардын четинде болсо бир жөн. Борбордо жайгашкандыктан ушул жердеги ызы-чууну көзөмөлдөп, тартипке келтирүүбүз зарыл.

Биз көчөдө турган соодагерлерге бош орундарды көрсөткөнбүз. Ал орундардын бир күнкү ижарасы 50-100 сомду түзөт. Ижара акысын төлөп, ичинде жылуу-жумшак соодаларын жургүзүшсө жакшы эмеспи. Ал эми чындыгында жашоо шарты начар, кыйналып жаткан соодагерлер паспорту менен келсе, биз 1-2 айга бекер да орундарды караштырып беребиз. Акы төлөп соода кылгандарды ойлошубуз керек", - деди ал.

Ошондой эле "Ош базары" ишкерлер союзунун директору Төлөгөн Сапаров базардын ичиндеги бош соода-сатык орундарын көрсөтүп, шарттарын айтып өттү.


"Бул жерде бардык шарттары менен 20-30дай соода-сатык орундары бош турат. Мисалы 20 чарчы метр орун айына сегиз миң сомду түзөт. Биз сатуучуларды экиге бөлгөндөн алыспыз. Айрым сатууучулардын жашоо шартына карап жеңилдиктерди да түзүп берүүгө даярбыз.

3-4 жылдан бери ушундай рейддерди жүргүзүп жатып, базардын тегерегинде 5-6 аялдын гана товарлары сатылып жатканын билдик. Алардын ар биринин 30-40дан арабалары бар, арзан баада товарларын сатышат. Сатуучулардын айрымдары жалданып иштеп жатышат. Башкача айтканда, "Ош базарынын" тегерегинде өзүнчө бир базар ачылып жатат десек болот", - дейт ал.

Ал эми аталган базардын тегерегинде соода кылгандардын бири Нүргүл Чодошова ижара төлөөгө шарты жок экенин айтып, жалданбастан соода жүргүзүп жатканын билдирди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан