Бишкекте бүгүн, 26-ноябрдагы Социалдык саясат боюнча комитеттин жыйынында Кыргыз Республикасынын Эмгек, миграция жана жаштар министрлигинин статс-катчысы Доскул Бекмурзаев "Кытайдын 60 юридикалык мекемесине Кыргызстанга ишке орноштуруу үчүн жарандарын жиберүүгө тыюу салынды" деп билдирди. Анын айтымында, кытайлыктар көбүнчө Кыргызстандагы базарларда иштешет. "Дордой" базарында эле 1 миңге жакын Кытай жараны эмгектенет.
“Базарлардан сырткары Кыргызстандагы жолдорду куруу тармагында, Кара-Балтадагы мунай иштетүүчү заводдо иштегендер бар. Биринчи жолу Кытайдын 60 юридикалык жактарына Кыргызстанга ишке орноштуруу үчүн жарандарын жиберүүгө тыюу салынды. Ошондой эле тыюу салуу Пакистандын жарандарына карата да колдонулат”,- деди Бекмурзаев өз сөзүндө.