Баткен облусунун, Лейлектин жана Сүлүктүнүн прокурорлору кызматынан алынды

Баткен облусунун прокурору Нуркамал Набиев кызматынан бошотулду. Аны менен кошо Лейлек районунун жана Сүлүктү шаарынын прокурорлору кызматынан алынды. Бул туурасында Башкы прокуратурадан тастыкташты.

Маалым болгондой, прокурорлордун кызматтан алынышынын себеби азырынча белгисиз. Учурда териштирүү иштери жүргүзүлүүдө.

Белгилей кетсек, жер тилкелерин менчиктештирип алды делинген Баткен облусунун Жаңы-Жер айыл өкмөтүнүн мурдагы башчысы жана облустук прокурордун иши боюнча Башкы прокуратура текшерүүнү баштаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан