ЖКнын Социалдык саясат боюнча комитетинин 26-ноябрдагы жыйынында депутат Дамира Ниязалиева (КСДП) мектептерде орус тилин окутуунун деңгээлине нааразы экендигин айтты. Мектепте 11 жыл окутканы менен жыйынтыгында балдар 2 сөздүн башын бириктирип сүйлөй албай жатканын билдирди.
“Ушундай кантип болсун?! Орус тилин 11 жыл окуйт, жыйынтыгында өз оюн түшүндүрүп бере албайт. Орус тили эмес, англис тили болсо мейли деп түшүнмөкмүн. 70 жылдан бери колдонуп келе жаткан орус тили го? Бул орус тилин окутуунун деңгээли кандай экенин көрсөтөт”,- дейт Ниязалиева.