
Жогорку Кеңештин депутаты
Балбак Түлөбаев Тоң районундагы мышык ыйлай турчу абалдагы спорт залдын сүрөтүн социалдык баракчасына жүктөдү.
"Бул "спорт зал" Тоңдун Калкагар айылында. Ичим ачышып жатат. Өрттөнүп жатам. Айлам жок. Алсыздыгыма, чарасыздыгыма ичим күйүп жатат. Өлкөбүз там-туң баскан баладай. Каражаты баарына жетпейт. Бирок сөзсүз оңолобуз. Ушул айылдын жаштарына рахмат. Ушул кепеден чемпиондор чыгып жатат. Башты көтөргүлө, баары жакшы болот", - деп билдирүү калтырган.