Бишкектин Жаш Гвардия бульварында курулушу жүрүп жаткан 13 кабаттуу имараттын дубалы урап, коңшу үйдү басып калган. Кырсык катталган жерде жашаган тургундар "коопсуздугубузга ким жооп берет?" деп SUPER.KG порталына кайрылышты.
Жашоочулардын айтымында, имараттын жанында 2 кабаттуу турак үй бар, ал жерде 30дай үй-бүлө жашайт.
"Кырсык түнкү саат 03:00 чамасында катталды. "КейДжи Восток Сервис" жоопкерчилиги чектелген коомуна таандык имараттын 12-кабатынын оң тарабындагы дубалы урап, биз жашаган турак үйдү басып калды. Кырсыктан 2 аял, 1 окуучу бала жабыркады, бирок ооруканага барышкан жок.
Окуя болгондон бери 2 кабаттуу үйдүн тургундары "дагы кайсы дубал урап түшөт" деп көчөдө болдук. Үйүбүзгө киргенден корктук. Анткени имараттын дагы бир дубалы катуу шамалга кыймылдап жатат. Ошол дубал качан басып калат деп кооптондук. Биз жашаган 2 кабаттуу үй менен салынып жаткан 13 кабаттуу имараттын ортосундагы аралык жарым метрди эле түзөт", - дейт атын атагысы келбеген жашоочу.
Бул маселени "ким чечет, ким коёт?" деген тургундар көп кабаттуу имаратты куруп жаткан ишканадан азырынча бирөө-жарым келип, өздөрүн расмий түрдө тааныштырбаганын айтышат.
"Окуя катталгандан кийин Өзгөчө кырдаалдар министрлигине кабар бердик. Куткаруучулар келгенче пескоблок басып калган батирдеги жашоочуларды өз алдыбызча алып чыктык. Жерине келген куткаруучулар "бизди эмнеге чакырдыңар?" дешти. Ал эми имаратты куруп жаткан компаниядан бир бала келип, өзүн курулушчулардын бригадиримин деп тааныштырды. Ал эч нерсе чечкен жок. Бир аз мурда Биринчи Май районунун акими келип маселени чечебиз деп кетти. Азыр жеринде бир киши жүрөт, ал ким экенин билбейбиз. "КейДжи Восток Сервис" компаниясы Жогорку Кеңештин депутаты Жусуп Коргонбай уулуна таандык экени айтылууда", - дешти жашоочулар.
Бүгүн, 27-мартка караган түнү Жаш Гвардия бульварындагы көп кабаттуу имараттын дубалы урап, жанындагы турак үйдү басып калган. ӨКМдан кырсыктан 64 жаштагы аял жабыркаганын, ага тиешелүү жардам көрсөтүлгөнүн маалымдаган.