Муфтият быйылкы жылга карата битир-садаканын өлчөмүн бекитти

Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар кеңеши жана Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгы өлкө боюнча 2022-жылга карата битир-садаканын баасын бекитти. Бул тууралуу муфтияттан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2022-жылы битир-садаканын өлчөмү - 1 килограмм 600 грамм (буудай, ун, мейиз) же 3 килограмм 200 грамм (арпа, курма).

Битир-садаканы берүүчү адам жогоруда көрсөтүлгөн баалардын кайсынысынан чыгарса өз ыктыяры. Бей-бечара, муктаждардын пайдасы үчүн көбүрөөгүнөн чыгаруусу абзел.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан