27-мартка караган түнү Жаш Гвардия бульварындагы көп кабаттуу имараттын дубалы
урап, жанындагы турак үйдү басып калган. ӨКМдан кырсыктан 64 жаштагы аял жабыркаганын маалымдашкан. Көп кабаттуу имаратты куруп жаткан компания жабыркагандарды турак жай менен камсыз кылууга даяр. Бул туурасында Бишкек шаардык мэриядан билдиришти.
Калаа башкармалыгынан кырсык болгон жерге вице-мэр Жамалбек Ырсалиев жана Ленин районунун акими Русланбек Тагаев барышкан.
"Курулуп жаткан имарат менен тургундар жашаган 2 кабаттуу үйдүн ортосу үч метрдей аралыкты түзөт. "Кубаныч" жаңы үйү "KG Восток Сервис" ишканасы тарабынан курулуп жатат. Окуянын кесепетинен №34 батирдин 2-кабатынын жашоочулары (64 жаштагы Г.Н. Пугачев жана 11 жаштагы А.Е. Истомин) жабыркады.
Батирдин болжол менен 105 чарчы метр чатыры кыйраган. Тургундардын айтымында, 2-кабаттуу үй 1954-жылы курулган.
Окуя болгон жерге вице-мэр, Ленин районунун акими, өзгөчө кырдаалдар бөлүмү менен тиешелүү шаардык, облустук кызматтар барышты. Анда 8 батир (1-2-кабат) жашоого жараксыз экени белгилүү болду.
Компания турак жайдын талкаланган бөлүгүндө оңдоо-калыбына келтирүү иштерин жүргүзүүгө жана курулуш иштеринин жүрүшүндө жабыркаган тургундарды турак жай менен камсыз кылууга даяр. Бирок тургундар көрсөтүлгөн жардамдан баш тартышты.
Архитектуралык-курулуш ишиндеги техникалык регламенттерди, курулуш нормаларын, курулуш эрежелерин жана башка ченемдик укуктук актыларды, шаарлардын жана посёлкалардын бекитилген башкы пландарын, курулуш-монтаждоо иштеринин жүрүшүндө иштелип чыккан долбоордук документтерди жана курулуш материалдарынын, конструкцияларынын жана колдонулган буюмдардын сапаты ведомстволук таандыктыгына, менчигинин түрүнө карабастан текшерүүнү Мамлекеттик архитектуралык-курулуш көзөмөл органы жүргүзөт", - дешет мекемеден.
13 кабаттуу имараттын жанындагы 2 кабаттуу турак үйдүн жашоочулары окуянын чоо-жайын
айтышып, коопсуздукту ким көзөмөлдөйт деп кайрылышкан.