Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басарынын милдетин аткаруучу болуп Бакыт Төрөбаев дайындалды. Бул тууралуу президенттин администрациясынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койгон.
Бакыт Төрөбаев Жогорку Кеңештин «Ата Журт-Кыргызстан» фракциясынын лидери.
Буга чейин аталган кызматты Азиз Алиев аркалап келген. Ал башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу кызматынан бошотулган.