Бишкекте Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрынын фойесинде
Таттыбүбү Турсунбаеванын бюсту орнотулду. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.
Ачылыш аземине маданият министри
Азамат Жаманкулов, өнөр адамдары, скульптор
Тамила Маматова жана кеңири коомчулук катышты.
Эске салсак, буга чейин министр Азамат Жаманкулов Тамила Маматованын өнөрканасында болуп, аталган бюсттун жаңы башталып жатканына күбө болгон. Ал эми бюсту театрга орнотуу демилгесин кыргыз театр ишмерлер союзунун төрагасы Жаныш Кулманбетов көтөрүп, министр аны колдоого алды.