УКМКнын мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаевдин баш коргоо чарасы каралды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Бишкектин Биринчи Май райондук сотунан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Сегизбаевдин баш коргоо чарасы 18-мартта Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда каралган. Анын жыйынтыгында сот Абдил Сегизбаевди 20 майга чейин УКМКнын абагында кармоо өкүмүн чыгарган.
Сегизбаев УКМКны 2016-2018-жылдары мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин тушунда жетектеген. Ал "Белизгейт" окуясы боюнча Жазык кодексинин 320-беренесинин (кызмат абалынан кыянат пайдалануу) негизинде быйыл январда кармалган. Камакка алынардын алдында өзүнө карата козголгон иштерди “саясий өч алуу” деп атаган.