Бишкекте медицина кызматкерлери үчүн көп кабаттуу үйдүн курулуш иши башталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен кабарлашты.
Билдирүүгө ылайык, көп кабаттуу үй Байтик Баатыр жана Сүйөркулов көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан. Объектти эксплуатацияга берүү болжолдуу түрдө 2023-жылдын апрель-май айларына пландаштырылган. 8 кабаттуу имараттын каркасы мурда эле бар болчу, аны 12-кабатка көтөрүү пландалууда.
Көп кабаттуу үйдүн курулушун баштоого саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев дагы катышкан. Министр курулуш иштери аяктаганга чейин медицина кызматкерлерине турак жай алуу тартибин министрлик аныктай турганын белгилеген.
"Биз тарыхый учурдун күбөлөрүбүз, бүгүнкү күнгө чейин дарыгерлер үчүн үйлөр курула элек. Биринчи этапта бир үйдүн курулушун бүтүрүү пландалууда. Каржы булактарын аныктагандан кийин дагы бир үй куруу пландалат", - деген Алымкадыр Бейшеналиев.