Доллардын наркы түшүп жатат. Эми азык-түлүктүн баасы арзандайбы? Бул суроого Экономика жана коммерция министрлигинин алдындагы Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин жетекчисинин орун басары Женалы Орозбаев SUPER.KG порталына жооп берди.
"Доллар түз таасирин тийгизген күйүүчү-майлоочу май сыяктуу продукциялар бар. Биздин алдын ала божомол боюнча, бензиндин баасы 10 сомго кымбатташы мүмкүн эле, бирок доллардын түшүшү менен кымбаттаган жок. Өлкөгө кирип жаткан товарлардын көбү доллар менен келет. Мисалы, ошол эле өсүмдүк майы доллар менен келет. Бирок мунун баары суроо-талапка жараша болот. Эгер суроо-талап азайса баасын түшүрүү мүмкүнчүлүгү бар. Эгер суроо-талап бүгүнкү күндөгүдөй болсо, баасы ордунда туруп калышы мүмкүн. Бирок акыркы учурда баанын түшүү мүмкүнчүлүгү бар деп күтүп жатабыз. Анткени биринчи кезекте доллардын түшүшү, экинчиден өсүмдүк майы өзүбүздүн заводдордон чыга баштады.
Рыноктун мыйзамдарына ылайык, эгер товар аз болсо баа жогорулап кетет. Ал эми товар көп болсо тескерисинче арзандайт. Булар баага сөзсүз таасирин тийгизет. Бирок кайсы бир деңгээлде баа түштү десек болот. Мисалы, материалдык мамлекеттик резервден чыгарылган өсүмдүк майы менен кант кайсы бир деңгээлде баанын түшүшүнө алып келди. Министрлер кабинети сырттан ташылып келген товарлардын кошумча салыгын нөлгө барабарлаган мыйзам чыгарды. Бул аркылуу сырттан товарды 12 пайыз арзан алып келүү мүмкүнчүлүгү болуп жатат. Бул дагы баага таасир этет", - деди Женалы Орозбаев.