Салык кызматы салык декларациясын түн ортосуна чейин кабыл ала баштады. Бул тууралуу Салык кызматынан билдиришти.
Ага ылайык, 28-марттан 31-мартка чейин декларациялар эртең мененки саат 9:00дөн баштап түн ортосуна чейин кабыл алынат.
Декларацияны иш убактыларында тапшырууга жетишпей калган жеке жактар аны 18:00дөн кийин тапшыра алышат.
Белгилей кетсек, мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер, ошондой эле жеке ишкерлер салык декларациясын электрондук түрдө тапшырышы керек.
Декларацияны төмөнкүлөр тапшырууга милдеттүү:
Эскерте кетсек, 1-апрелде салык декларацияны тапшыруу мөөнөтү аяктайт.