Кырсык орун алган имарат: Депутат курулуш компанияга тиешеси тууралуу комментарий берди

Буга чейин Бишкекте курулуп жаткан көп кабаттуу имараттын дубалы урап, жанындагы турак үйдү басып калганы маалымдалган. Имаратты куруп жаткан "KG Восток Сервис" курулуш компаниясы Жогорку Кеңештин дупутаты Жусупбек Коргонбай уулуна тиешелүү экендигин жергиликтүү тургундар айтып чыгышкан.
Жогорудагы маселе боюнча депутат Жусупбек Коргонбай уулу комментарий берди.
"Кырсык каш кабактын ортосунда экен. Биринчиден, жабыр тарткан адамдарга бардык жагынан курулуш мекеме жардам берүүсүнө үгүттөйбүз.
Ал эми мен бул курулуш мекемеде негиздөөчүлөрүнүн (учредитель) бири болгом. Мыйзамга ылайык депутаттык мандат алаарда "доверительное управлениеге" өткөрүп бергем. Азыр ал жерде өзүнүн мүдүрү, подрядчиктер бар. Тиешелүү документтердин баары алардын колунда. "KG Восток Сервис" курулуш мекемеси өзүлөрүнүн объектисинде болуп жаткан иштерге жоопкерчиликтүү мамиле жасаарына ишенем.
Бирок ошол эле учурда мага жасалып жаткан кара пиар күч алып баратканына көңүл бура албай койбойм. Курулуш мекеме бул кырсык боюнча иликтөөнүн жүрүшүндө үн катат деген ойдомун. Мен азыр саясатка кеткен адаммын", - деп жазган депутат.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан