"Садыр иним, майдаланба". Алмазбек Атамбаев Садыр Жапаровго жооп берди (толук текст)

Абактагы мурдагы президент Алмазбек Атамбаев социалдык тармактагы баракчасы аркылуу өлкө башчы Садыр Жапаровго жооп берди.
25-мартта Садыр Жапаров Алмазбек Атамбаевге сотко барып ак экенин далилдөө керектигин айткан.
Алмазбек Атамбаевдин Садыр Жапаровго берген жообу:
"Президент Садыр Жапаров жакында мен жөнүндө мындай деп жазыптыр: "Сот жоопкерчилигине тартылып жатасыңбы? Сотко бар, мен соттон качкан эмесмин" деп.
Эми жооп бербесем болбой калды окшойт, Садыр иним, иним дегенге таарынба, кыргыздар кичүүгө ушинтип кайрылат. Буга чейин да мен жөнүндө бир топ ушак сөздөрдү сүйлөдүң эле. "Атамбаев учак менен тонналап алтын алып кеткен. Атамбаев кыйнап, абактан кекиртегимди кестим. Атамбаев тынч митингге октябрда кол салды. Атамбаев өзүн-өзү тапанчадан жан сакчысына аттырды" жана ушу сыяктуу далай сөз айттың. Баарына чыдап отургам, жооп бербей он жылдан бери. Али жаш, ачууга алдырып жатат, адашып жатат деп. Эми президент болдуң, уят болот мындан ары да калп айта берсең!
Эсимде бар, 2018-жылы мага Форумга сенин абаң Сабыр келип, сенин ишиң жөнүндө бир топ сүйлөшкөнбүз. Караколдогу окуянын майда-чүйдөсүн, сени ошондо кайсы досуң алдыга түртүп коюп, анан сатып кеткенин айтып берген. Анда иниңди колдоп берейин, абактан чыгаралы деп макул болгом. Ошондо Сабыр "уруксат бериңиз, сизди биз митингдерде шыбайлы, Сокеге (ред:. Сооронбай Жээнбеков) жагат экен, эптеп инимди абактан чыгаралы" деп суранган. Сенин башка колдоочуларың да келип жатты Форумга.
Соке октябрдагы митингден кийин бийликке кайра келип, кетпейм деп тырышканда да мен элге, тарапташтарыма кайрылгам, кат жөнөткөм. Садырды колдойлу, эптеп Сокени кетирели деп. Садыр көп кыйынчылык көрдү, баарын түшүндү деп айткам. Акыркы бир жарым жылдан бери да бийликке жаңы эле келди, баарын түшүнөт, Кудай туура жолго салат деген үмүтүм бар болчу. Бирок ал үмүт күндөн күнгө өчүп баратат.
Садыр иним! Мен соттон качкым келсе, мага биринчи иш козголгондо эле 2018-жылы качып кетмекмин. Ошондо атайын учак келгенде мен аны менен Москвага учуп барып, досторума рахмат айтып "мен качып кетсем болбойт, уят болот" деп, кордук көрүп, камалаарымды билсем да кайра Кыргызстанга учуп келгем. А сен болсо, Садыр иним, 2013-жылы Караколдогу чуулгандуу окуя боюнча иш козголгондо соттон коркуп, тарапташтарыңды таштап качып кеткенсиң чет элге. Анан мен бийликтен кетээрде 2017-жылы кайра келип соттолуп кеттиң. Соттун өкүмүн аягында Жогорку Сот бекиткен. Бирок мен ага чейин эле кызматты жаңы президентке өткөрүп кеткем.
Сеники да туурадыр, мүмкүн сага коюлган киненин баары жалгандыр. Мен өзүм да көрдүм прокурор, соттордун адилетсиздигин, бети жоктугун! Анда ошол кездеги сени соттогон прокурор, тергөөчү, сотторду бийлик өз колуңда турганда териштир да! Сени 11 жылга абакка кескен сот Каипов мага да дал ошондой өкүм чыгарбадыбы! Күлкүң да келет, ойлосоң! Ошондон баштабайсыңбы туура эмес кесилген болсоң?
Мен соттон качкан жокмун. Мен ден соолугума байланыштуу отурумду мен жокто эле өткөргүлө деп ар бир жолу арыз жазып берип жатам сотко. Анын үстүнө прецедент бар. Батукаевдин иши шаардык сотто жана Жогорку Сотто мен жокто эле каралып, чечим чыгарылган. Сокенин кезинде да, сенин кезиңде да, Садыр иним. Башка сотторду деле ошентип эле өткөрө бергиле да? Мен сурак же сотко барганда деле эчтеке өзгөрбөйт, анткени бир да суроого жооп бере элекмин жана бербейм. Протоколдорду кара, ишенбесең. Ансыз деле сен мени 11 жылга абакка кестирдиң. Менин жашымда бул деген ПЛС - пожизненное лишение свободы - дегенге барабар. Бирок баары бир мени дагы эле кордогуң келет окшойт, абакта да тынч койбой!
Садыр иним! Кыргызда - уялбагандан өзүң уял деген сөз бар. Сен уялбасаң, акыркы жоруктарыңа мен уялып жатам. Мени карда жыңайлак сүйрөп жүргөн офицерлер, аны карап турган бир топ плацтагы адамдар уялып, жер карап жүрөт азыркыга чейин. Буйрук түздөн-түз Садырдан келген деп шыбырашат мага.
Баарыңар билип алгыла! Мени кандай кордосоңор да баары бир сындыра албайсыңар! Мен башкаларга окшоп ырайым сурап арыз жазбайм. Ырайымды күнөөсүн моюнуна алгандар сурашат. Мага козголгон кылмыш иштердин баары чындыкка дал келбейт. "Высосаны из пальца" орусча айтканда. Мезгил аны далилдейт. Мага жашоодон да намыс артык. Абактан өлсөм да, өз жерим Кыргызстанда өлөм. Элим узатып коёт акыркы сапарга.
Садыр иним! Эртели-кечпи бир күнү баарыбыз элдин, тарыхтын, Кудайдын сотунда жооп беребиз! Ошондон коркуш керек.
Сен абактан демократия деп кыйкырып, бийликке келгенде эле дароо кокон хандыгын куруп баштадың. Түркмөнстанда убагында түркмен башы болсо, бизге эми кыргыз башы болгуң бар. Бирок биздин эл башка. Элибиз бардык кыйынчылыкка чыдайт, бирок адилетсиздикке, зулумдукка чыдабайт. Ошону унутпа, Садыр иним! Сокеге окшоп мага асылбай, күчүңдү мамлекеттин иштерине, көйгөйлүү маселелерге жумша. Чек ара, жакырчылык, жана башка көйгөйлөр толтура. Элди алдайм дегендер өздөрү алданат! Мөөнөтүң көрө албастык, өч алуу, майда-чүйдө иштер менен билинбей өтүп кетпесин. Алдыңда далай максат турат. Майдаланба. Президент айкөл болуш керек. Бул жалган дүйнөгө алданба. Жараткан сага туура жол көрсөтсүн, жардам берсин! Элибизге, жерибизге ынтымак, береке берсин!
А. Атамбаев", - деп жазылат билдирүүдө.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан